Улукбек Марипов Өмүрбек Суваналиев Баткендеги чек ара маселесин чечүүгө салымын кошот деген ойдо
Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев маселелерди жеринде чечүүгө өзүнүн салымын кошорун социалдык тармакта түз эфирде сүйлөп жатып айтты.
"Кечээ Баткен облусунун жетекчиси алмашты. Облуска генерал Өмүрбек Суваналиев жетекчи болуп дайындалды. Ал коюлган маселелерди так, кечиктирбестен жакшы алып барат деген ойдомун. Баткен облусунда кошуна өлкөлөр менен тактала элек жерлер жана башка көйгөйлөр дагы көп.
Өмүрбек Суваналиев кечээ ишке киришери менен өзүнүн пландарын түзүп, ушул маселелерди жеринде чечүүгө өзүнүн салымын кошот", - деди Марипов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
ainura220888

17.02.2021. 09:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз берем эшектин тушоосунда чечбейт. Чечсе атымы башка койом. Соке, Аша эми мына келгенине жарым жылдан ашкан биздин Саке чечбегенди бир кичкий генерал чечмек беле Марип!!! Озун чеч. Сеники должность позволяет! Ит итдижумшайт ит куйругун жумшайт. Анан ал эптей албады деп которо чаап аны шыбап иштен аласынар. Озунор суудан курук чыгып. Ошентип элди алаксытып срогунар бутот. Такендер дагы эки уч метр жылып кирет 2,3 айыл же болбосо. Анан эле мен кыйраткам деп отурасынар.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.