Өлкөдө "Менин баламды мектепке алыңыз" акциясы жүрүүдө
Кыргыз өлкөсүндө жыл сайын өтүүчү "Менин баламды мектепке алыңыз - 2021!" акциясы башталды. Бул тууралуу “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.
Маалыматка ылайык, акция 2021-жылдын 16-февралынан 15-октябрына чейин уланып балдарга жана алардын ата-энелерине мектепке кирүүдө юридикалык жардам, укуктук кеңештер берилет.
Ата-энелер балдарын мектепке киргизүүдө алардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрү чектелип калса, мектеп администрациясы кирүү акысын талап кылса, жашаган жана катталган жеринин айырмачылыгы, балдарды мектепке электрондук каттоодон өткөрүү, толтуруудагы кыйынчылыктарга туш келип калышса жардам сурай алышат.
"Биз ар бир ишти көзөмөлгө алабыз. Ар бир баланы мектепке киргизмейинче аны коштоп жүрөбүз. Эгерде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ата-энелери балдарын мектепке киргизе албастыгын байкасаңыз, кайдыгер карабаңыз",- дейт Назгүл Турдубекова.

