super.kg logo
  Саясат  

"Фракция лидерлери менен чогуу "Кумтөр" боюнча кайра сүйлөшүү жүргүзүп, меморандум эмес, келишим түзөлү" деди өкмөт башчы

 

"Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр токтобошу керек деген пикирин 9-октябрдагы ЖКнын жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев айтты. Ал жаңы түзүлгөн меморандумда кемчиликтер бар экенин моюнга алды. "Эгер муну колдобосоңор, анда кайрадан "Центерра" менен сүйлөшүү жүргүзүү керек. Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери менен чогуу кайра сүйлөшүү жүргүзөлү да, парламентке меморандум эмес, келишимди алып келели",- деди премьер-министр.  

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: