super.kg logo

Бишкекте Лексустун баасы 2500 доллар турган катализаторун уурдагандар үй камагына чыгарылды

 

Бишкекте катализаторлорду уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-январь күнү Биринчи Май РИИБине Д.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 10-январда Абай жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа жуучу жайда белгисиз адамдар арыз ээсинин Лексус үлгүсүндөгү унаасын мыйзамсыз ээлеп алып, баасы 2 миң 500 доллар турган катализаторун чечип, андан соң унааны кайра ордуна токтотуп качып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (Уурулук) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Издөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган С.А. жана 1990-жылы туулган К.М. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Кийин экинчи шектүү К.М. келип кол коюп туруу милдеттенмеси менен бошотулса, экинчи шектүү С.А.га карата үй камагына чыгаруу чарасы тандалган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган шектүүлөр унаа жуучу жайга келген кардарлардын унааларынан 5 катализаторду уурдаганы аныкталган. Учурда тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(9)
16.02.2021. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уй камагына чыкты ууру дагы саясатчы дагы бизнесмени дагы башкасы дагы. Зачем кереги бар мындай закондун бир нерсе дагилечи туугандар. Бул кандай мамлекет?Япония Китайдын законун киргизиш керек
SHMIT түзөттү 2021-02-16 20:34:03
16.02.2021. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акыркы кундору кылмыштуулук неге куч алып баратат десе, кармап эле коё берип жаткан турбайбы...
16.02.2021. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кылмыштуулук 90жылга баратабы, көбөюп эле баратат, эмне себеп...?
16.02.2021. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Belek1710,анткени зектерди шайладынар!
16.02.2021. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Себеби коп кылмыштуулуктун. Биринчиси бул жокчулук,муктаж.экинчиси кылмыштуулука чара корулбогону.
16.02.2021. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Катализаторду алгандарды токтоткула, ато баары акчасына кызыгып урдай беришет
16.02.2021. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз онукпойт окшойбуз жонокой эли деле ууру,бийлиги деле ууру.
17.02.2021. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Катализатор 2500$ турса....
Менин андай лексусум болсо муктаждарга кайрымдуулук кылып салмакмын.Анысы жок деле журот да машина.
aslan_akjol89 түзөттү 2021-02-17 01:53:55
17.02.2021. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдар ошончолук даражага жеттиби,эмне болуп баратат,жакшы жанылык угабызбы деги
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: