super.kg logo

Азербайжан Карабахтагы согушта каза болгон 106 адамдын сөөгүн Арменияга өткөрүп берди

 

Шейшемби күнү Азербайжан Арменияга Карабахтагы жаңжалдын курчуп кетишинен улам каза болгон 106 кишинин сөөгүн өткөрүп берди. Бул тууралуу Карабахтын башчысы Араик Арутюнян өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Гуманитардык маселелер боюнча кызматташтыктын алкагында жана Карабахтагы Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн ортомчулугу менен Азербайжан тарап 44 күндүк согушта каза болгон 106 адамдын сөөгүн бизге тапшырды", - деп жазды ал.

Анын айтымында,согуш учурунда курман болгон жана балким тирүү калган адамдардын сөөгүн издөө иштери уланууда.

Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары, Армения Азербайжан тарапка Агдам Кельбажар жана Лачин райондорун өткөрүп берген. Учурда аталган аймактарды Орусиянын тынчтык күчтөрү көзөмөлдөөдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.02.2021. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйнодо тынчтык болсун,оору сыркоодон алыс бололу,беш кундук жашоону урушу жок сый менен откоролу.
17.02.2021. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бироонун жерине отурукташып алып эле биздики дей берсе ошондой болот табаа эмес тообо кылдым. Тажиктерда бирди коргулору келип журот окшойт улам эле телтейишкенден телтейишет. Эми озумду акылдуу сезбеинго же ошондойбу билбейм мага сезиле беретда кыскасы Москвадагы жургон тажиктер жалан мектепти бутбой калгандарбы деп ойлоймда. Айылда аялы калганы менен иши жок бир орус кемпирди алдап жалдап ай лав ю наташа деп жашап алгандар.тигилер да зафар такой добрый заботливый деп алганына олосунбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: