Жаз мезгилинде күн сууктайбы? Март айына карата аба ырайы
Кыргызгидромет борбору март айына карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.
Ага ылайык, март айында Чүй облусунда:
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +4…+6 градус жылуу, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 0…+2 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан +2…+7 градуска чейин жылыйт. Күндүз абанын температурасы +5…+10 градустан +17…+22 градуска чейин жылуу болушу божомолдонууда. Кээ бир күндөрү -3 градуска чейин суук болот.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз +3…+8 градустан +12…+17 градуска чейин жылуу болуп өзгөрүлүп турушу ыктымал. Айрым күндөрү 0…-5 градуска чейин суук жүрөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу айтылды.
Талас облусунда:
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +2…+4 градус жылуу болушу ыктымал. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7 градус сууктан +1…+6 градуска чейин жылуу болсо, күндүз +5…+10 — +17…+22 градус болуп улам өзгөрүп турушу мүмкүн. Кээ бир күндөрү -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылышы ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу божомолдонууда.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында:
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градус сууктан +15…+20 градуска чейин жылып, абанын температурасы өзгөрүлүп турат. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт.
Ысык-Көл облусунда:
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +1…+3 градус жылуу болушу божомолдонууда. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градус сууктан +1…+6 градуска чейин жылып, өзгөрүп турат. Чыгышында айрым түндөрү -5…-10 градуска чейин муздашы ыктымал. Күндүз абанын температурасы +1…+6 градустан +9…+14 градуска чейин жылыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.
Нарын облусунда:
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…-2 градус суук, Кочкор районунда 0…+2° жылуу болушу күтүлүүдө. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу болот. Бирок кээ күндөрү абанын температурасы -13…-18 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы 0…+5 градустан +9…+14 градуска чейин жылыйт деп божомолдонууда. Ат-Башы районунда абанын температурасы түнкүсүн -3…-19 градуска чейин жетсе, күндүз +11 градуска чейин жылуу болуп өзгөрүлүп турат. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу мүмкүн.

