super.kg logo

Жефф Безос дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде биринчи орунду кайтарып алды

 

Bloomberg агенттигинин версиясы боюнча "Amazon" корпорациясынын башчысы Жефф Безос Илон Маскты ашып өтүп кайрадан дүйнөдөгү эң бай адам аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, агенттиктин эсептөөсү боюнча, шейшемби күнү биржалык соодалоонун жыйынтыгы боюнча Безостун активдеринин жалпы наркы 372 миллион долларга төмөндөп, 191 миллиард долларды түзгөн. Тесланын акцияларынын төмөндөшүнөн улам Масктын байлыгы 4,5 миллиард долларга төмөндөп, 190 миллиард долларга жеткен. Бул демек, Bloomberg агенттиги түзгөн дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде Безос кайрадан биринчи орунду ээледи, ал эми Mаск экинчи орунда турат.

Тизмедеги үчүнчү орунда азыр Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс турат. Анын байлыгы 137 миллиард долларга бааланган. Көрсөтүлгөн рейтингде Маск ушул жылдын 7-январында Amazon жетекчисинен ашып, биринчиликти алган. Андан кийин Безостун активдеринин жалпы баасы 187 миллиард долларга, Масктыкы 188,5 миллиард долларга бааланган. Буга чейин Безос Bloombergдин болжолуна ылайык, үч жыл катары менен дүйнөдөгү эң бай адам аталган.

Агенттик түзгөн дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтинги АКШдагы биржалык соодалоонун жыйынтыгы боюнча күн сайын жаңыланып турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: