Садыр Жапаров: "Жамал Сейдакматова улуу актриса катары калкка эмгек кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келди"
Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.
Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун көңүл айтуу катын президенттик аппараттын бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев окуду.
"Кыргыз эли орду толгус жоготууга учурады. Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнөдөн өттү. Жамал апабыз улуу актриса катары калкка эмгек кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келди. Кайталангыс талантка чет элдик режиссёрлор да өз баасын берип келген. Сахна жана театр жылдызы Жамал Сейдакматованын жаркын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм".
Кыргыз Маданиятында опол тоодой орду бар актриса катуу оорудан 16-февралга караган түнү каза болгон.

