Тарыхта алгачкы жолу. Канадада 252 саатка созулган хоккей беттеши болуп өттү




Канадада эң узакка созулган оюн болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, муз үстүндө "Team Hope" жана "Team Cure" командаларынан 40 оюнчу бет келген. Оюн 252 саатка созулган. Ал 4 февралдан 15 февралга чейин уланып "Team Hope" командасы атаандашын 2649:2528 эсеби менен жеңип алган.
Беттеш ачык муз аянтчасында өткөн айрым учурда абанын температурасы -55 градуска чейин түшкөн.
Иш-чаранын башкы максаты рак оорусун изилдөө үчүн акча чогултуу болгон. Оюндун жүрүшүндө жалпы 1 миллион 800 миң доллар чогулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:45
2025-07-02
9:26
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.