super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандык студенттер Улуу Британия өкмөтүнөн стипендия ала алышат

 

Кыргызстандык студенттер Улуу Британия өкмөтүнөн стипендия ала алышат.  Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Улуу Британиянын элчилиги 2014-2015-окуу жылына магистратура программасы боюнча  Chevening стипендиясына арыздарды кабыл ала баштады. Стипендия дүйнө жүзү боюнча лидерлик сапаты бар, таланттуу студенттерге берилет. Улуу Британиядагы университеттерде билим алуу  мүмкүнчүлүгүнө  ээ болушкан студенттердин эки тараптык авиабилети төлөнүп берилет. Диссертация үчүн каражат бөлүнүп, күндүзгү окуусу  жана визасы төлөнөт. Бардык каалоочулар арыз бере алышат, мамлекеттик  башкаруу, коопсуздук, тоо-кен, геология тармагындагыларга маани берилет. Арыздар 8-ноябрга чейин кабыл алынат. Толук маалымат КР Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жазылган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: