super.kg logo

Садык Шер-Нияз: "Жамал Сейдакматова кыргыз маданиятынын Курманжан Даткасы болду"

 

Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Режиссёр Садык Шер-Нияз сөз сүйлөп, актрисанын көзү өткөнүнө кыргыз эли менен кошо бүткүл дүйнө кайгырып турганын белгиледи.

"Бүгүн бүткүл кыргыз эли менен кошо бардык дүйнө кайгырып турат десем жаңылбайм. Кечээ күндөн бери социалдык түйүндөр аркылуу Жамал эженин талантын, эмгегин баалагандар дүйнөнүн бардык тармагынан жазып жатышат. Жамал эже менен көп иштешип калдык. "Курманжан Датка" фильминде дагы финалдык ролдордун бирин аткарып берген. Менин оюмча бул бир символикалык роль болсо керек. Анткени Жамал эже кыргыз маданиятынын, кыргыз өнөрүнүн, кыргыз чыгармачылыгынын Курманжан Даткасы боло алды. Курманжан Датка элинин келечеги үчүн уулун курмандыкка чалса, Жамал эжебиз элинин маданияты үчүн өзүнүн өмүрүн, ден соолугун арнады. Ал дүнүйөнүн артынан азгырылбай кыргызга кызматын арнады. Мына ушул үчүн Жамал эженин жолу улуу",- деди Шер-Нияз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
17.02.2021. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул челек гелжирей берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: