Кызындай кыздарга көз арткан кишинин окуясы эмне менен аяктайт? Бишкек ШИИББден социалдык ролик
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы аялдарды кысымга алуу жөнүндө социалдык ролик жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, социалдык ролик аялдарды куугунтуктоого каршы тартылган. Роликтин башкы каарманы - мамлекеттик кызматта белгилүү бир кызматты ээлеген адам. Куугунтуктоого өз кызы дуушар болгонго чейин ал да башка бирөөлөрдүн кыздарына куугунтуктоо көрсөткөн.
“Куугунтуктоочу кандай болгон күндө да суудан кургак чыга алат. Мындан тышкары, жумуш издеп келген кыз аргасыздан унчуга албасын, шарттарына макул болоорун билет. Бул кыздар өздөрүн дагы да коркунучка дуушар кылып, адамга башка жагымсыз аракеттерди жасоого мүмкүндүк берет. Эгер сиз куугунтуктоонун курмандыгы болуп калсаңыз, анда укук коргоо органдарына тезинен кайрылып, токтоосуз күнү-түнү 102 номерине чалыңыз."- деп билдирет Бишкек ШИИББ.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан куугунтукка каршы социалдык ролик жарыяланды
