Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду
Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Иш-чарага Президенттик аппараттын, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, Маданият министри, коомдук-саясий ишмерлер катышып сөз сүйлөштү. Соңунда актрисанын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди.
Кыргыз Маданиятында опол тоодой орду бар актриса катуу оорудан 16-февралга караган түнү каза болгон.
Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган. Москвадагы полиграф институтунун 3-курсун бүтүрүп, 1959-жылы Кыргыз академиялык драма театрына актриса болуп кирген. Театрда иштеген көп жылдар аралыгында чет элдик, орус, кыргыз классикалык драмаларында башкы ролдорду аткарган. Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Мелис Убукеев тарткан кинофильмдерде ролдорду аткарган.
Мамлекеттик Токтогул атындагы, эл аралык "Руханият" сыйлыктарынын ээси. Египет, Колумбия, Германия сыяктуу өлкөлөрдө өткөн эл аралык фестивалдарга катышкан. Бүткүл дүйнөдөгү түрк тилдүү өлкөлөрдүн Башкортостанда өткөн эл аралык фестивалында Гран-прини жеңип алган.

