Аламүдүн районундагы жол кырсыгынан 2 жөө жүрүүчү каза болуп, 1 киши жаракат алды
Аламүдүн районундагы жол кырсыгынан 2 жөө жүрүүчү каза болуп, 1 киши жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облусунун ШИИБинен билдиришти. Аламүдүн районундагы Курманжан датка көчөсүндө 8-октябрда саат 00:15 чамасында айдоочу унаасы менен эки кишини сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. 37 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну ошол жерден каза болуп, экинчиси ооруканага жеткирилген. Качып кеткен айдоочуну издөө иштери башталып, кылмыш иши козголду.
Адам өмүрүн алган дагы бир жол кырсыгы 19:50дө катталган. Субару Форестер унаасынын 31 жаштагы айдоочусу 60 жаштагы Аламүдүн айылынын тургунун сүзүп кетип, аял ошол жерден жан берген. Иликтөөлөр жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.