super.kg logo

Президенттин басма сөз катчысы: "Муфтийдин кызматтан алынышына Садыр Жапаровдун тиешеси жок"

 

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактарда айтылып жаткан Максат Токтомушевдин Кыргыз Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы кызматынан алынышына өлкө жетекчилигинин тиешеси бар деген маалыматты төгүндөйт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Социалдык тармактарда белгисиз адам Садыр Жапаровдун ага өлкөнүн муфтийи кызматын убада кылгандыгын, ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты Арзыбек Бурханов жана башка адамдар Максат ажы Токтомушевди муфтийликтен мыйзамсыз алышканын билдиришкени тууралуу аудио тараган. Мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт жана ал маалымат чагымчыл мүнөздө",- деп айтылат маалыматта.

Байтерек Садыр Жапаров мурдагы муфтий Рахматулла ажы менен буга чейин жолукпаганын жана сүйлөшпөгөнүн, ага эч нерсе убада кылбаганын кошумчалады.

Президенттин басма сөз катчысы айрым күчтөр коомдо дүрбөлөң чыгарып, чыңалууну жайылтууга кызыкдар экендигин белгилеп, мындай жалган жалаалардын демилгечилерин жоопкерчиликке чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
17.02.2021. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Муфтий мамлекеттин тыкыр козомолундо болуш керек. Болбосо ар кайсы диний уюмдар оз каалаган идеялогиясын жургузо беришет. Аягы муфтий озунчо мамлекеттин ичинде мамлекет сыяктуу болуп кетет. Кыргызстанда дин эч качан саясаттын, чыгармачылыктын, искуствонун маданияттын, билимдин аймагына кирбеши керек!
17.02.2021. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Mirlan27011987,эгерде муфтият мамлекеттин козомолуно кирсе, анда силер айткан светтик мамлекет болбой калат да. Аллахым сизге ден соолук, ыйман, акыл-эс берсин. Аамиин.
Asyl.jazi түзөттү 2021-02-17 12:35:15
17.02.2021. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Asyl.jazi,
Мен каршы эмесмин динге, бирок араб элдеринин салтын мактап, жактаган исламга каршымын. Дин - бул руханий тушунук. Бирок бизге арабтардын баш кийимин мисалы хиджаб ж.б сыяктуу нерселерди улгу катары угуттоп жаткандары туура эмес. Кудайга ишенуу учун созсуз эле бети-башты оронуп алуу шарт эмес. Ыйман оронуп жургон баш кийимде эмес, ыйман адамдын мээсинде, жасаган ишинде жатат. Динчилдер диний символдорго гана маани берип калышты, мунун менен биз руханий жактан онукпойбуз.
17.02.2021. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
zhazgul98,Кыргыздын улуттук эле кийимин кийип, динди кармана бериңиз. Туура, ыйман оронуп жүргөн баш кийимде эмес, ошол оролуп жүргөн денеде. Андыктан оронуп жүрүү шарт, бул кудайдын өкүмү. Батышты туурап этек-жеңи кыска кийбесеңиз болду!!!
17.02.2021. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Лампичке болбой калды!
17.02.2021. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shanson,сомапал окшойт да
17.02.2021. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыр да муфтияттын акчасына кызыгып калган го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: