СУПЕРСТАН: "Өзүңүздөн бир топ жаш улуу адамды сүйүп калсаңыз эмне кылмаксыз?"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өзүңүздөн бир топ жаш улуу адамды сүйүп калсаңыз эмне кылмаксыз?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Сурайын дегеним, өзүңүздөн жашы улуу мырзаны (айымды) сүйүп калуудан коркосуздарбы? Эгерде сүйүп калсаңыздар эмне кылмак элеңиздер?"
Пикирлер: "Сүйүп калуудан коркпойм, жетпей калуудан корком. Бул деген ортодо 5-10 жаш айырмачылык жөнүндө да. Эми андан кийинкисине жол болсун..."
"Атам менен тең болбосо эле болду".
"Башка түшкөндү көз көрөт. Коркпойм. Паспорттогу жашка карап адамдын кандай экенин айтып болбойт эмеспи, мүмкүн ал улуу адамда мен курактуу адамдарда жок сапаттар бардыр.. Бирок "сүйдүм, күйдүм" деп эле тагдырды тобокелге салган болбойт. Жаңылып калбоо үчүн сүйүү менен акылды тең салмакта кармоону өздөштүрүү керек".
"Сүйүү деген коркосуңбу, коркпойсуңбу деп бизден сурабай эле келсе керек. Эгер сүйүүгө татыктуу адам болсо жаш курагына карабайм".
Талкууга кошулуу үчүн бул жерди басыңыз.

