super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш: Жантөрө Сатыбалдиевдин туура эмес сүйлөгөнү үчүн төрага анын микрофонун өчүрдү

 

ЖКнын 9-октябрдагы жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча 2003-2009-жылдардагы келишимдер азыр биздин колу-бутубузду бууп турат" деди. Ал келишимдер мыйзамдаштырылып калганы үчүн өкмөт көп нерсени жасоого тоскоолдук жаратып жатыптыр. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет дегендей болууда. Биз колдон келген аракетибизди жасап жатабыз",- деди Сатыбалдиев.  

Ал депутаттарды негизсиз сын айтпоого чакырып: "2015-жылкы парламенттик шайлоо жакындап келе жатат. Эмне, ошого даярданып жатасыңарбы? Шайлоодо "мен "Кумтөр" боюнча мындай деп сүйлөгөм" дегени турасыңарбы?"- деди эле, төрага микрофонун өчүрдү. "Суроо бергениңер да, жооп бергениңер да сабырдуу болгула. Бул жерде шайлоо тууралуу эч кандай сөз болгон жок, азыр ал шайлоо депутаттардын оюнда да болбосо керек",- деди Асылбек Жээнбеков. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: