Кеминде карылар үйүндө улгайган адамдар каза болгон аял менен бир бөлмөдө жашап жатышканбы? Чүй ОИИББи маалымат берет
Чүйдүн Кемин районундагы карылар үйүндө улгайган адамдар каза болгон аял менен бир бөлмөдө жашап жатышкан. Мындай маалыматты Турмуш басылмасы "Кемин биримдиги" уюмуна таянуу менен жазып чыккан.
Окуя боюнча Чүй ОИИББи маалымат таратты.
"16-февралда Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө саат 21:05 чамасында коомдук уюмдун өкүлүнөн менчик карылар үйүндө аял каза болду деген билдирүү түшкөн. Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, төмөнкүлөрдү аныктаган.
Анда ошол күнү саат 16:00 чамасында 64 жаштагы З.Л. аттуу аял киши каза болгон. Ал карылар үйүндө жашаганына эки жыл болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Карылар үйүнүн жашоочуларынын айтуусунда, маркум аял 15-февраль күнү түшкү тамактан кийин каза болгон. Учурда өлүмдүн убактысын жана анын себебин аныктоо үчүн керектүү экспертизалар дайындалды, ошонун жыйынтыгынын неигизинде материалга юридикалык баа берилет", - деп билдирет басма сөз кызматы.
кошулду

