Муфтият чуусу дагы деле басаңдай элек. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде
"Социалдык тармактарда белгисиз адам Садыр Жапаровдун ага өлкөнүн муфтийи кызматын убада кылгандыгын, ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты Арзыбек Бурханов жана башка адамдар Максат Токтомушевди муфтийликтен мыйзамсыз алышканын билдиришкени тууралуу аудио тараган. Мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт жана ал маалымат чагымчыл мүнөздө", - деп айтылат маалыматта.
Байтерек Садыр Жапаров мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиев менен буга чейин жолукпаганын жана сүйлөшпөгөнүн, ага эч нерсе убада кылбаганын кошумчалады.
Президенттин басма сөз катчысы айрым күчтөр коомдо дүрбөлөң чыгарып, чыңалууну жайылтууга кызыкдар экендигин белгилеп, мындай жалган жалаалардын демилгечилерин жоопкерчиликке чакырды.
Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку төрагасы Акин Токталиев SUPER.KG порталына экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин ордуна келе турган жаңы муфтийдин резюмесин ким бергендигин билдирди.
“Президент резюмени көргөн эмесмин деп жатат. Арзыбек Бурханов бир резюмени Жапаровго бериптир, бирөөнү Максатбек Токтомушевди кетириш керек деп мага берген. Бирөөнү өзү алып алыптыр. Бурханов резюме бергенин танган жок. Ал эми президент “Мен резюме алган эмесмин, көргөн эмесмин. Кимге берилгенин билбейм. Мага демектен муфтийди бөлөк планетадан алып келип коюп алгыла деп айтып жатат”, - деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.
Ошондой эле экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Биринчи Май райондук соту Максатбек Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгарган.
Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңеште "Кумтөр" боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Анын курамына төмөндөгү эл өкүлдөрү кирди:
- КСДП фракциясынан - Өмүрбек Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Рыскелди Момбеков, Саматбек Ибраев;
- "Республика-Ата Журт" - Үмбөталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов;
- "Кыргызстан" - Урматбек Самаев, Замирбек Эсенаманов;
- "Өнүгүү Прогресс" - Осмон Турдумамбетов;
- "Бир Бол" - Акылбек Жапаров;
- "Ата Мекен" - Каныбек Иманалиев.
Аталган комиссия жакынкы аралыкта өзүнүн регламентин түзүп, иштөө мөөнөтүн белгилейт. Андан кийин мурдагы парламенттик жана өкмөттүк комиссиялардын чечимдеринин аткарылышын текшеришмекчи.
Депутат Дастан Бекешев "Кумтөр" боюнча комиссия кандай максатта түзүлүп жатканын сурады.
Бекешев бул маселени Жогорку Кеңешке шылтап койбой, президент өзү жоопкерчилик алышы керек деген пикирде.
Бекешев Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын убактысы аз калганын, бул комиссиянын ишин аягына жеткирүүгө жетишпей кала турганын белгиледи.
Конституциялык кеңешменин төрагасы: "Үч айдан бери укпаган сөздүн баарын уктук"
Бүгүн Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору каралды. Анда Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев жыйындар ачык өткөнүн айтты.
"Эшигибиз ачык болду. Коомдук талкууга койбойсуңарбы деп сындагандар болду. Кеңешменин жыйыны ачык болуп жатты. Муну коомдук талкуу деп айтсак болот", - деди ал.
Ал президенттин укугун көп берип койдуңар дегендердин деңгээли ошол деп айтты.
Депутат Алмазбек Токторов: "Сиз сөзүңүздө президенттин укуктарын көп берип коюпсуңар дегендердин деңгээли ошол дедиңиз, бул туура эмес. Пикири же көз карашы деп айтышыңыз керек. Ошондо деңгээли төмөн болуп калабы?" - деп сурады.
Бөрүбашев: "Мен бирөөнүн намысына тийип койсом, "менин деңгээлимди кайдан билдиңиз" деп айтсын. Үч айдан бери укпаган сөздүн баарын уктук. Туура эле айттым. Сиз өзүңүзчө мен өзүнчө түшүнөм", - деди.
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирип, Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык конституциялык укук кафедрасынын жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор - Бекбосун Бөрүбашев жетектеген.

