super.kg logo

Билл Гейтс дүйнөнү сактап калуунун негизги жолдорун атады

 

Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү жана филантроп Билл Гейтс бай мамлекеттер адамзатты климаттык катастрофадан сактап калууга кандайча жардам бере аларын айтып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Гейтс өсүмдүктөрдөн алынган белокторго өтүү мал чарбачылыгынан метан газынын бөлүнүшүн азайтууга жардам берет деп үмүттөнөт.

"Мен бай өлкөлөрдүн бардыгы 100 пайыз синтетикалык уй этин пайдалануусу керек деп эсептейм. Сиз убакыттын өтүшү менен ал даамга көнүп каласыз. Өндүрүүчүлөр кийинчерээк ал даамдарды жакшыртышат",- деди ал басылмалардын бирине берген маегинде.

Буга чейин ишкер климаттык бейтараптуулукка жетишүү адамзат үчүн эң татаал маселе деп атаган. Бул үчүн анын пикири боюнча көмүрдүн, мунайдын жана газдын күйүшүнөн пайда болгон парник газдарынын көлөмүн азайтууга басым жасоо керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: