super.kg logo
  Саясат  

Депутат Нурдинов: "Конституциянын жаңы долбоорун кароого шашып жатканыбыз туура эмес"

 

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору каралууда. Анда депутат Бейшенаалы Нурдинов долбоорду кароодо шашпоо зарылдыгын айтты.

"Ушул жерде түшүнүксүз жыйын өтүп жатканын түшүнүп жатам. Конституциялык кеңешме жумушчу топ экенин айтты. Биз бул долбоордун ээси болгондон кийин кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү өзүбүз билебиз да. Азыр жашоо турмуш өзгөрүп кетти. Мурун президент, премьер-министр камалат деген түшүнүк жок эле. Азыр баары камалып жатат. 2021-жылы кабыл алынган Конституцияны кабыл алып берип койдуңар деп кийин күчтүү бийлик келсе депутаттардын бардыгын камап койбосун. Биринчи кароого эки ай берилсе ошол убакта карап чыгалы. Өзүнүн нормасы менен карайлы. Кийин суроо болот. Мурунку Конституцияны Текебаев жазган деп күнөөлөшкөндөй, бизди да күнөөлөшөт. Конституцияда жазылгандын баарын аткаралы. Шашып жатабыз, бул туура эмес. Мүмкүн өкмөт, президент үчүн туура, биз үчүн туура эмес. Шайлоо учурунда референдум өткөрө турган болсок жергиликтүү кеңештин шайлоосун жылдыралы. Келечек үчүн...", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: