Вице-спикер: "Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын кыскартуунун кереги жок"
Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын кыскартуунун кереги жок болчу. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда парламенттин жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.
"Депутаттардын саны кыскарган сайын парламент алсызданат. Октябрь окуяларында кворум маанилүү экенин билдик. Эгерде депутаттар аз болсо бир олигарх барып, депутаттарды сатып алат. Жогорку Кеңешти сатып алуу оңой болуп калат. Мамлекеттин чечимдерин кабыл алуу оңой болуп калат. Бул менин пикирим",- деди ал.
Учурда Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
-2

