super.kg logo

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон 2 өспүрүм табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди

 

Ысык-Көл облусунда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын, коопсуздугун камсыз кылуу, балдарга каршы укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу боюнча "Өспүрүм" аталышындагы комплекстүү иш-чара өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Иш-чарага 194 милиция кызматкери жана акыйкатчынын регионалдык өкүлчүлүгүнүн, билим берүү бөлүмүнүн, мамлекеттик экотехинспекциянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдын алуу кызматтарынын 132 өкүлү катышты.

Алар тараптан окубаган, кароосуз калган, ошондой эле иштеген жана кайыр сурап жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо үчүн 354 коомдук жайлар текшерилип чыкты. Текшерүү учурунда унаа жуучу жайда иштеп жатышкан 6 өспүрүм, түнү көчөдө жүргөн 32 бала, кайырчылык менен алектенген 2 бала кармалды. Ал эми дайынсыз жоголгон 2 өспүрүм табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

“Өспүрүм” комплекстүү алдын алуу иш-чарасынын жыйынтыгы менен милициянын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан өспүрүмдөр арасындагы жана аларга карата кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча билим берүү бөлүмдөрүнө 47, балдар иштери боюнча комиссиясына 22, ошондой эле башка кызыкдар мекемелерге 9 сунуш берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: