super.kg logo

УКМКнын сайтын бузууга аракет кылган жаран кармалды. Ал 2 жарым жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин сайтын мыйзамсыз бузууга аракет жасоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашат.

Жогорудагы факты 304-берене (Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк) жана 305-берене (Зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

"Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 1974-жылы туулган К.Б.Т. аттуу Кыргыз жараны экендиги аныкталды. Анын техникалык аппараттарында көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер табылды.

Жогорудагы беренелерге ылайык, эсептик көрсөткүчтөрдүн 1800дөн 3000ге (180 миң сомдон 300 миң сомго чейин) чейинки өлчөмүндө айып пул же болбосо 2 жарым жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: