super.kg logo
  Саясат  

Нариман Түлеев: "Райымбек Матраимовду мамлекетке иштетиш керек"

 

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду мамлекетке иштетиш керек. Мындай пикирин Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев Майраш Базлакунова ютуб каналына берген маегинде айтты.

"Ал Атамбаевдин убагында иштеди, мен анын кандай иштегенин билем, бирок айта албайм. Бул жигит өзүң айткандай феномен. Ошол феноменди азыр мамлекетке иштетсе плюс болот. Аны алып барып туруп камап койдуңар дейли, экономикалык кылмыштуулук деп туруп 15 жыл бердиңер. Макул, үй-мүлкүн дагы алдыңар дейли. 24 банкта акчасы бар экен деп кыйкырып жатышат. 24 банкта акча бар беле, жок, менин билишимче 20-22 миң эле доллар бар болчу. Макул, баарын кылдыңар, бирок 2 миллиардга жетпейт да.

Бул жигитти негизи иштетиш керек. Чөнтөккө эмес, мамлекетке иштетиш керек. Кантип десеңиз, коомчулук сүйлөшүш керек, Камчыбек Кыдыршаевич (ред. Ташиев) турат, президент турат. Аны алдап мамлекетке иштетиш керек.

Мына бул жигит өмүр бою бажыда иштеди, Кулматовдун (ред. Кубанычбек Кулматов) убагында иштеди, башкалардын убагында да иштеди. Эмнеге? Ансыз Бажы болбойт да", - деди Түлеев.






Нариман Түлеев: "Райымбек Матраимовду мамлекетке иштетсек утабыз"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: