super.kg logo

Арабдардын колдоосу менен өлкөдө билим берүү комплекси курулат

 

Бириккен Араб Эмираттарынын кайрымдуулук фонду тарабынан өлкөдө билим берүү комплекси курулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, министр Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына барып, бир катар жолугушууларды өткөрдү. Анда тараптар билим берүү жана илим тармактарындагы бир катар кызматташуу багыттарын талкуулашты.

"Алмазбек Бейшеналиев "Аль Мактум" атындагы кайрымдуулук фондунун камкорчулар кеңешинин мүчөсү Мирза Аль Саег менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында "Аль Мактум" атындагы фонд тарабынан Кыргыз Республикасында билим берүү комплексинин курулушу макулдашылды. Жакынкы убакта даталар такталгандан кийин билим берүү комплексинин курулушуна даярдыктарды баштоо үчүн фонддун делегациясынын Кыргыз жергесине келиши күтүлөт".

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптарды кызыктырган кызматташтык багыттарын аныктоо жана жооптуу адамдарды дайындоо менен, алар боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү макулдашылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.02.2021. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарын шаарында арабдар тарабынан жардамга муктаж балдарды окутуу учун курулган окуу комплекси бардык шарттары менен буткорулуп, бирок кандайдыр бир себептер менен биздин окмот ачууга уруксат бербей келе жатканына 4 жыл болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: