super.kg logo

Орусияга кете турган кыргыз студенттери эки жолу ПЦР анализ тапшыруусу керек

 

Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган Кыргыз өлкөсүнүн студенттери ПЦР-анализин эки жолу тапшырышы керек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Орусиянын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдардын жыргалчылыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын сунуштарынын өзгөрүүлөрүнө ылайык, эми Орусияда окуган башка өлкөнүн жарандары, анын ичинде кыргыз студенттери учарга чейинки акыркы 72 саат ичинде жана Орусиянын аймагына киргендеги алгачкы 72 саатта коронавирус инфекциясына тест тапшырышы керек.

"Орусияга келгенден кийин студенттер ПЦР-тесттин жыйынтыгы чыкканга чейин обочолонуу режимин сактоо керек. Студенттер окуу процессине эки терс натыйжа болгондо гана кабыл алынат. Учурда кыргыз студенттери Орусияга түз авиакаттамдар менен учуп кете алышат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: