super.kg logo

Египеттин президенти калкын экиден гана балалуу болууга чакырды

 

Египеттин президенти Абдул-Фаттах Ас-Сиси өлкөдөгү төрөттүн жогорку деңгээлин негизги көйгөйлөрдүн бири деп атап, бир үй-бүлөнү көп дегенде эки балалуу болууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, өкмөт бул маселени катуу мыйзамдар жана чектөөлөр менен чечүүнү көздөбөйт. Калктын өсүшү мамлекеттеги резервдерге шайкеш келиши керек, анын кескин өсүшү экономикага терс таасирин тийгизет.

"Бир үй-бүлөгө экиден ашык балалуу болуу чоң көйгөй жана калктын тез өсүшү кооптуу экендигин баарына айтуу керек. Толук кандуу бага албаган, жумушка орноштура албаган баланын сизге эмне кереги бар? Кайра эле алардын 50 пайызы таштанды менен аралашып, шарты жок жерлерде жашайт", - деп билдирген президент.

Египетте жылына болжол менен 2 миллиондой бала төрөлөт деп болжолдонот. Өлкө президенти 100 миллион калкты камсыз кылуу үчүн Египетке жылына 1 триллион доллар керек экендигин жана өлкөнүн ички дүң өнүмү 250 миллиард долларды түзөрүн айтты. Учурда Египет калкынын саны боюнча дүйнөдө 14-орунда турат. Учурда өлкөдө 103 миллиондон ашуун адам жашайт. Алардын 20 миллионго жакыны сабатсыз деп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.02.2021. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага...
18.02.2021. 06:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура
18.02.2021. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чында, патыратып тороп эле бир нормальный багыт бербей балага анын жумушун колдонуп эптеп септеп кун откоргондон коро эки балага татыктуу тарбия билим внимание любовь берген жакшы. Эсептеп корсок кийими ичкен жегенинен сырткары кызыма садик 4000,4500. Танцы 2800, подготовка к школе 3000, мюзикл 7700, и индивидуальные занятия 650р 4 жолу айына. 20000кетет экен. Кийимин ар сезонго 17-20мин кетет. Эми экинчи балалуу болсок ушул эле эки жолу болот. Ойлонуп шаг жасаш керек. Бала деп эле жайната бербе
18.02.2021. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде чон баласын окусун дейтда чон окууга экинчиси автоматический кара жумушчу болуп калат. Же диплому же кичинесинде багыты жок. Ар бир торолгон бала бактылуу татыктуу балалык откоргонго таттыктуу. Инисин синдисин чонойтуп которуп караганга чон балдар уйдогу обязан эмес. Колунда болсо акчан ашып ташып атса хоть 10ду торо бирок ошол эле убакта ата эне мээримида бала учун отто маанилук. Кечке иш иш деп же тузугуроок мээрим бербей же тузуктоп бакбай ар жерге таштап Россиялабай азыраак торогуло.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: