super.kg logo

Жалал-Абадда милициялар элди интернеттеги такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана аны таратпоого чакырды

 

Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлери окуучулар менен мектеп рекетчилигин жана топтошуп мушташууларды болтурбоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында Токтогул РИИБи тарабынан "Лидер" аталышындагы иш-чара уюштурулуп, мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлдү.

"Мектеп рекетчилигин жана топтошуп мушташууларды болтурбоо багытында чоң класстардын окуучулары менен маектешүүлөр орун алды. Аларга терс көрүнүштөрдөн алыс болуу жана жол эрежелерин сактоо керектиги эскертилди. Милиция кызматкерлери айыл элин өз малына сак болууга жана ар дайым көзөмөлдөөгө чакырышууда. Ошондой эле интернет тармагындагы такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана башкаларга таратпоого, бөлүшпөөгө үндөшүүдө", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: