super.kg logo

"Кумга "жардамга" деп жазып койгон". Жаракат алган адам табылып, куткарылды

 

Жаңы Зеландияда жаракат алган сёрфер спорту менен машыккан спортчу кумга калтырган жазуусу аркылуу куткарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, спортчу катуу толкундун кысымы астында ташка урунуп, жаракат алган. Ал жээкке жетүүгө үлгүргөн, бирок жакын жерде жардамга келчү эч ким болгон эмес. Адамдарды табууга аракет кылып, бадалдын арасынан эки сааттай басып өтүп, бирок эч кимди жолуктурган жок. Андан кийин ал киши Мерсер-Бей булуңуна барып, кумга HELP ( жардам ) деп жазып, өзү чарчап жанына жыгылган.

Мерсер булуңунун жанынан туристтик маршрут боюнча өтүп бара жаткан аял спортчунун кумга жазууну жазып бүтө электе байкаган. Ал дароо эле Пиха айылындагы сёрфинг клубуна чалып жардамга чакырган. Дайынсыз жоголгон адамды издөө үчүн атайын куткаруучулар жөнөтүлгөн. Аны таап, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, алып кетишкен. Спортчу учурда ооруканада дарылануудан өтүп жатканы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
18.02.2021. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичээр суусу бар экен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: