super.kg logo
  Саясат  

Улукбек Марипов олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев менен жолугушту

 

Премьер-министр Улукбек Марипов олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар өлкөдөгү дене тарбия жана спорттун бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу талкуулады. Өкмөт башчы өз сөзүндө профессионалдык спортту өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, өсүп келе жаткан муун арасында спортту массалык түрдө жайылтуу, дүйнөлүк деңгээлге чыгууга жөндөмдүү таланттуу спортчуларды колдоого алуу маселесине тийиштүү көңүл бурулуусу зарыл экендигин баса белгилеген.

Каныбек Осмоналиев өкмөт башчыга ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу жеке ал үчүн гана эмес, ар кыл спорттук иш-чараларда өлкөнүн намысын коргоп келген жана коргой турчу жалпы спортчулар үчүн маанилүү болуп саналарын айтып өттү.

Өкмөт башчы олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевди энчилүү сааты менен сыйлап, көп томдуу «Кыргыздар» китебин белекке тапшырган.

Жолугушуу Каныбек Осмоналиевдин Москва шаарындагы XXII жайкы Олимпиада оюндарында алтын медаль жеңип алгандыгынын 40 жылдыгына арналган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: