"Өсүмдүк майы, жумуртка..". Январь айында өлкөдө кайсы азык-түлүккө болгон баа өтө кымбаттады? (статистика)
Ушул жылдын январында 2020-жылдын январына салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 18,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти
"Баалар тамак-аш өсүмдүк майларына - 54,6 пайызга, картошкага - 46,3 пайызга, жумурткага - 35,4 пайызга, кумшекерге - 33,1 пайызга, этке - 27,5 пайызга, унга - 16,5 пайызга, жаңы бышкан жемиштерге - 15,1 пайызга, макарон азыктарына - 16,6 пайызга, алкоголсуз суусундуктарга - 6,9 пайызга, нанга - 5,2 пайызга, балыкка - 3,3 пайызга баалардын көбүрөөк жогорулаганы байкалды. Ушул эле убакта, таруунун (5,4 пайызга), тооктун сан этинин (1,9 пайызга), бисквит тортунун (0,1 пайызга) баалары төмөндөдү",- деп жазылат билдирүүдө.
Ал эми, ушул жылдын январь айында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 1,7 пайызга жогорулаган.

