super.kg logo

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы жолдорду текшерүүгө алды

 

Бишкек шаарынын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу оңдоп-түзөө иштеринин алкагында жолдорду текшерүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-февралда Октябрь жана Ленин районундагы көчөлөр текшерилген.

"Ошондой эле Жайыл-Баатыр, Чортеков, Стадион, Жукеев-Пудовкин, Бектенов жана Сухэ-Батор көчөлөрүндөгү көйгөйлүү участоктор текшерилди" деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жаздын алгачкы айынан тартып Кытайдын грантынын эсебинен "Жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабынын алкагындагы жолдорду калыбына келтирүү иштери башталат. Анда 15-мартта Сухе-Батор көчөсүндө Каралаев көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин жана Ташкент, Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин оңдоо иштери калыбына келтирилет.

Аталган долбоордун негизинде бардык даярдык иштери жүргүзүлүп, көчөлөрдүн жалпы санынын ичинен артыкчылыктуу көчөлөр аныкталды (60). Быйыл 43 көчө, 2022-жылы - 17 көчөнү оңдоо иштери жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: