super.kg logo

Карантин эрежелерин бузган япон депутаты партиясынан чыгарылды

 

Японияда коронавирустун жаңы түрүн алдын алуу иш-чараларына карабастан, түнкү Токиону айланып жүргөн бийликтеги Либерал-Демократиялык партиясынын депутаты Ширасука Такаки өз партиясынан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, маалымат жыйында өкүлдөр палатасынын мүчөсү Ширасука 10-февралда саат 20:00дөн түн ортосуна чейин борбор шаар Токионун Акасака жана Азабужубан районундагы ресторандарда жүргөнүн моюнуна алган.

"Өзгөчө кырдаал күчүндө болуп турганда жолугушуу жайларына барганым үчүн кечирим сурайм" - деген Ширасука. Көрсөтмө берген соң, ал партиядан чыгаарын жана 2021-жылы октябрда боло турган кезектеги шайлоо жарышына катышпай тургандыгын билдирген.

Учурда Япониянын көп аймактарында өзгөчө кырдаал шарттары киргизилип, саат 20:00дөн кийин, элден, зарылчылык болбосо үйлөрүнөн чыкпоо сунушталган. Ресторандар, көңүл ачуучу жайлар, дүкөндөр жана спорт залдар саат 20.00гө чейин жабылып, 19.00дөн кийин спирт ичимдиктерин сатуу токтотогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.02.2021. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аай ий чыгарып коюшса жакшы го бизде коз кысып,кечиришип кое беретко.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: