super.kg logo

Салмагы 100 караттан ашык якут алмазы орус вакцинасынын урматына Sputnik V аталды

 

Орусиялык алмаз казуучу “Алроса” компаниясы салмагы 100,53 карат болгон ири сапаттагы алмазга COVID-19га каршы дүйнөдө биринчи катталган вакцинанын урматына “Sputnik V” деген аталыш берди. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүнө таянып дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Sputnik V алмазы жалпак октаэдрдин формасына ээ жана салмагы 100,53 карат; көлөмү 27,15 х 28,81 х 29,56 мм. Алмаз Якутиянын түндүгүндө казылып алынган жана ачык сары түстө.

“Алроса” компаниясынын башкы директору Сергей Иванов өз сөзүндө мындай көлөмдөгү жана түстөгү бриллианттар табияттын чыныгы керемети деп белгиледи.

Бул эң сонун кристаллды коронавируска каршы Россиянын биринчи вакцинасынын урматына “Sputnik V” деп атоону чечтик. Вакцина биздин илимпоздордун колунан жаралганы да өзүнчө керемет. Эң кыска убакыттын ичинде вакцинанын пайда болушу да өзгөчө окуя болуп саналат. Анын жардамы менен биз жакынкы арада кадимки жашоого кайтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук ",- деди Иванов.

Эске салсак, Орусия дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны 2020-жылдын 11-августунда каттаган. Орусиялык Түз инвестициялар фонду жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин Гамалея борбору биргелешип жасаган вакцина "Sputnik V" деп аталган. Бүгүнкү күндө Sputnik V коронавируска каршы эмдөөлөрдүн саны боюнча дүйнө жүзүндөгү алдыңкы үчтүктүн катарына кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: