super.kg logo

Февраль айынын башынан бери тонналаган айыл-чарба өндүрүшү Орусиянын аймагына кирген эмес

 

Февраль айынын башынан бери Кыргыз өлкөсүнөн барган тонналаган айыл чарба продукциясын Орусиянын аймагына алып кирүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу Орусия айыл чарба көзөмөлү билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнөн келген 20 тонна алманын Челябинск облусуна киришине таңгактарга белги коюлбагандыгына байланыштуу тыюу салынган. 21 тонна ак капуста жана 3 тонна жаңгак алып бара жаткан жүк ташуучу унаалар Алтай Республикасына киргизилген эмес.

Андан сырткары, Новосибирск облусуна 22 тонна өндүрүш, атап айтканда, кургатылган өрүк, алма жана жүзүм, бадам, өрүктүн үрөнү жана итмурун, ошондой эле 70 килограмм күрүч фитосанитардык сертификаты жараксыз болгондугуна байланыштуу, ишкерлерге кайтарылып берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: