"Тагдырдын тамашасы, же жеңил парыңыз менен" киносундагы актёр Андрей Мягков каза болду





Белгилүү орусиялык актёр Андрей Мягков 82 жаш курагында каза болду. Маалыматты актёр иштеген А.Чехов атындагы көркөм театрдын кызматкерлери тастыктаганын аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, актёр бүгүн, 18-февралда каза болгон. Театр жана кино актёру, режиссер, СССРдин Эл артисти Андрей Васильевич Мягков 1938-жылы 8-июлда Санкт-Петербург шаарында туулган.
Актёрду коомчулук 1975-жылы Элдар Рязановдун "Тагдырдын тамашасы, же Жеңил парыңыз менен" тасмасы чыккандан кийин жакшы таанып калган. Мягков ошондой эле Рязановдун "Кызматтагы арзуу" (1977) комедиясындагы Новосельцевдин ролу менен да көрүүчүлөрдүн эсинде калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Мыкты актёр эле...