super.kg logo

"Садыр Нургожоевич бул маселени мага дайындаган". Ташиев Ак-Сай эли менен жолугушууда

 

"Биз бул маселени биргеликте чечишибиз керек". Мындай пикирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен районунун Ак-Сай эли менен жолугушууда билдирди.

"Кантип эле мамлекеттин башында турган адамдар бир метр жерибизди берип коелу. Кантип эле элге каршы келген чечимдерге кол коюп калалы. Силердин кыжаалат болуп жатканыңарды токтотуп келейин деп келдим. Чек араны чечебиз деп таштап койду деп айтылып жатат. Андай эмес, бийликти биз утуп алып келген жокпуз, аны силер бердиңер. Силер кыжаалат болбогула, Садыр Нургожоевич экөөбүз сүйлөшүп, бул маселени чечкенбиз. Ошондуктан ал киши мага дайындаган.

Чек ара тезинен чече коюучу маселе эмес экен. Ал үчүн силер да жардам бергиле. Бири-бирибизге басым көрсөтпөйлү. Эгер чечпесеңер мындай кылабыз, андай кылабыз деп, биз кайра биригип бирге чечишибиз керек. Силер бизди коркутуп, анан биз келип иштебешибиз керек.

Бул маселе буюруса чечилет, сабырдуу болуп чечебиз. Жаштар кызы кандуулукка алдырбагыла. Көп нерселер айтылбайт. Алар айтылса анда мамлекеттик сыр болбой калат. Биз бардык чараларга барабыз",- деди жолугушууда Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: