super.kg logo

Өзгөндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 жашар баланын үй-бүлөсү менен шектүүнүн үй-бүлөсү жакын мамиледе болушкан

 

Ош облусунун Өзгөн районунда 3 жашар наристени мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен 15 жаштагы өспүрүм кармалган. SUPER.KG порталы бул окуянын чоо-жайын билүү үчүн Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айыл аймагынын айыл башчысы менен байланышып көрдү. Ал атын атагысы келбей окуя боюнча буларга токтолду.

"Бул балдардын ата-энелери кошуна жашайт. Эки үй-бүлө тең жакында эле Өзгөн шаарынан көчүп келишкен. Ал эми шектүү бала үй-бүлөдө экинчи бала болсо, каза болгон бала үчүнчү экен. Балдардын ата-энелери устачылык менен алектенген, карапайым эле адамдар. Алардын мамилеси дагы жакшы болгон",- деди айыл башчы.

17-январь күнү саат 09:00 чамасында Өзгөн районунун Кара-Дарыя айылынын тургуну, 15 жаштагы М.А. айылдашы 3 жаштагы баланы өзү жашаган айылдын түштүк тарабындагы талаага анын өмүрүн кыюу максатында ээрчитип барып, эч ким көрбөгөн жерге алып кирип, муштуму менен жабырлануучуну урганда ал эс-учун жоготуп жатып калган. Андан кийин таш менен башка чаап, өсүп турган камыштын арасына таштап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
18.02.2021. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин айылымдан,озбек туугандар экен,эки уй-булого тен кыйын болду,эч кимди балам дедирбесин.
18.02.2021. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Э булар жаман мыкаачы да, коркок да келишет. Өлүп калып ачыкка чыкканы бу, а так чыгарышпай дым дым кылышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: