Иранда катуу жер титирөө катталды
Ирандын түштүгүндө күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөөдөн кеминде 10 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн "Тез жардам" кызматынын өкүлү Можтаба Халеди журналисттерге жер титрөөнүн кесепетинен 10 адам жаракат алгандыгын, бирок курман болгондор тууралуу маалымат түшө электигин билдирген.
Ирандык сейсмологдор шаршемби күнү кечинде Исфахан провинциясынын жана Кохгилуйе, Бойерахмед провинцияларынын чек арасында жайгашкан 5,6 баллдык жер титирөөнү катташкан. Жер титирөөнүн очогуна эң жакын жайгашкан шаар - Сисахт шаары жер титирөөнүн очогунан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Мындан тышкары, Иран маалымат каражаттары жер титирөө болгон аймакта калктуу конуштарга келтирилген материалдык чыгымдар жана электр энергиясы менен байланышкан көйгөйлөр жөнүндө жазышууда.

