super.kg logo

УКМК: "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун мурунку адиси кармалды"

 

Финансы министрлигинин алдындагы "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун мамлекеттик сатып алуулар боюнча мурунку адиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

"15-февралда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Финансы министрлигинин алдындагы "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун мамлекеттик сатып алуулар боюнча мурунку адиси «Ж.М.Ж.» кармалды. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын учурунда, Финансы министрлигинин жана Каракол шаарынын мэриясынын Каракол шаарындагы "Сууканал" ишканасынын жооптуу кызматкерлери, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында суу алуучу курулманы калыбына келтирүүдө жана курууда каржылык ресурстарды максатсыз пайдалануу жана курулуш иштеринин көлөмүн ашыкча баалоо фактылары аныкталды",- деп жазылат билдирүүдө.

Кармалган жаран 2014-2017-жылдар аралыгында жалпы 3 миллион 500 миң сомдон ашык сумманы түзгөн жумушту аяктагандыгы жөнүндө күбөлүктү кабыл алуу маселеси боюнча оң чечим үчүн ортомчулардан системалуу түрдө акча алган. Учурда кармалган жаран Каракол шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, мамлекеттик бюджетке келтирилген 2 миллион сом зыяндын бир бөлүгүн төлөп берген.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча оперативдик-иликтөө иш-чараларын улантууда, ошондой эле Каракол шаарындагы суу алуучу имаратты калыбына келтирүүдө жана курууда мыйзамсыз иш-аракеттерге катышкан башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иштер уланып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
18.02.2021. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан 90 пайыз корупцинеолер го Садыр келбесе өлмөкбүз го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: