Грек-рим: Акжол Махмудов финалга чыкты. Финалда ал да учурдагы өлкө чемпиону менен күрөшөт



Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери өтүүдө.
Мелдешке 77 килограмм салмак ченинде катышкан белгилүү балбан Акжол Махмудов өз салмак категориясында финалга чыкты. Ал финалда учурдагы өлкө чемпиону Кайрат Түгөлбаев менен кез келет.
Акжол Махмудов былтыр өткөн өлкө чемпиондугуна алган жаракатына байланыштуу катыша албай калган. Ал эми, бул салмак категорияда Кайрат Түгөлбаев чемпион аталган.
Финалдык беттештер саат 17:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.