Күрөш: 67 килограмм салмакта кимдер финалга чыкты?
Марлен Асикеев


Марлен Асикеев

Амантур Исмаилов
Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери өтүүдө.
Мелдешке 67 килограмм салмакта катышкан балбан Марлен Асикеев жарым финалда белгилүү балбан Халмурат Ибрагимовду жеңип, мелдештин финалына чыкты. Ал финалда дагы бир күчтүү делген балбан Амантур Исмаилов менен кез келет.
Марлен Асикеев былтыр 2020-жылы 67 килограмм салмакта өлкө чемпиону аталган.
Финалдык беттештер саат 17:00дө старт алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.