Күрөш: "Токио-2020" жайкы Олимпиадасына жолдомо уткан Атабек Азисбеков финалга чыкты
Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери өтүүдө.
Өлкө чемпиондугуна 87 килограмм салмак ченинде катышкан балбан Атабек Азисбеков өз салмак категориясында финалга чыкты Ал финалда учурдагы өлкө чемпиону Азат Салидинов менен кез келет.
Атабек Азисбеков Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катыша турчу алты спортчунун бири.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.