super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Сатыбалдиев президент Атамбаев менен тил табышып алгансып, парламентти таратып жиберем деп коркутууда"

 

Жогорку Кеңеште депутат Өмүрбек Текебаев менен өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин ортосунда келишпестик чыкты. Сатыбалдиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып парламентке ишеним көрсөтпөө маселеси боюнча сөз кылды. Буга биринчилерден болуп Өмүрбек Текебаев реакция жасады. "Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча меморандумун алып келип "баары бир колдойсуңар, колдобосоңор тарайсыңар" деп ачык эле коркутууга өттү. Конституциянын автору катары айтып коёюн, премьер-министр президент менен келишип алганда гана парламентке ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп, Жогорку Кеңешти таркатып жиберүүгө укугу бар. Өкмөт башчы президенттен кепилдик алып келгенсип, "каякка бармак элеңер, баары бир колдойсуңар" деп керкейип отурат. Пушка менен бирден атсаңар да колдобойбуз",- деди Текебаев. ЖКда "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган долбоор талкууланып жатат.  

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.

 

  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: