super.kg logo

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз куткаруучуларын окутуу үчүн курс ачат

 
Кыргыз өлкөсүнүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев менен жолугушту. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жана Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билим берүү тармактарында кыргыз куткаруучуларын даярдоо маселелерин талкуулашты. Маалым болгондой, жакынкы аралыкта кыргыз куткаруучулары жана суучулдары үчүн окутуу курстары каралат.

"Бообек Ажикеев Орусиянын туруктуу колдоосу үчүн жана кыргыз элине жиберип турган техникалык-гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Орусиянын министри Кыргыз өлкөсүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, эл аралык жарандык коргонуу уюму аркылуу маселелерди илгерилетүүгө даяр экендигин билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: