super.kg logo

Кыргыз-Орус кызматташтыгы: Коронавируска каршы орусиялык вакцинаны өлкөгө жеткирүү маселеси талкууланды

 
18-февралда Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын жолугушуусу орун алды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Эки тараптуу жолугушууда Кыргыз-Орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын тереңдетүүгө болгон өз ара даярдыктары ырасталды.
Тараптар мамлекеттик байланыштардын бекемделишин шарттай турган жогорку деңгээлдеги байланыштардын маанилүүлүгүн белгилешти. Бул контекстте жакынкы күндө Садыр Жапаровдун Орусияга боло турган алгачкы иш сапарынын маселелери тыкыр талкууланды.
"Соода-экономикалык, энергетикалык, туризм, маданий-гуманитардык, илимий, билим берүү жана башка чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтык үчүн коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен иш-аракеттердин жолдору, анын ичинде "Спутник V" вакцинасын Кыргыз өлкөсүнө жеткирүү маселеси талкууланды.

Ошондой эле делегация башчылары экономика, айыл чарба, өз ара соода жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, энергетика, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай кооперациясы жаатында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери каралды. Маселелердин кеңири спектри боюнча кызматташуунун укуктук базасын кеңейтүүгө болгон ниеттер тастыкталды жана аны өркүндөтүү боюнча пикир алмашуу болду".
Консультацияларды аяктап жатып, тараптар стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты, ошондой эле Кыргыз-Орус кызматташтыгынын бардык чөйрөлөрүндөгү тыгыз кызматташтыкты андан ары бекемдөөнү ырасташты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: