Ат-Башыда гемодиализ клиникасы ачылды
Нарын облусундагы Ат-Башы районуна менчик гемодиализ клиникасы ачылды. Бул тууралуу аталган райондун акиминин орун басары Динара Жунусова SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, аталган борбордун ички шарттары заманбап талаптарга жооп берип, бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган.
"Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын жеке ишкерлери Адыл Кудайбергенов менен Рустам Карыбеков Германиядан 7 жабдуу алып келишип, эки кабаттуу имараттын ичин оңдоп-түзөп, борборду иштете башташты. Клиникага эки дарыгер, эки медайым, эки санитарка жана бир ашпозчу ишке алынды. Мындан ары райондо гемодиализге муктаж болгондор бул борбордон дарылана алышат. Ал эми гемодиализ алууга муктаж бейтаптардын дарылоо акысын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду төлөп берет", - деп билдирди Жунусова.
Буга чейин Ат-Башы районунда бөйрөк оорусу менен жабыркап, гемодиализге муктаж болгон бейтаптар дарылануу үчүн Нарын шаарына барып турушкан.

