super.kg logo

Ыктыярчыларга жарым миллион сомдон төлөнөт. Британияда дени сак жарандарга COVID-19 илдетин атайылап жуктуруу пландаштырылууда

 

Улуу Британияда ондогон дени сак жарандарга коронавирус инфекциясын атайылап жуктурушат. Буга аталган илдеттин адам организмине тийгизген таасиринин механизмин изилдөө себеп болгонун дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, экспериментке 18 жаштан 30 жашка чейинки 90го жакын ыктыярчы катышат. Эксперименттин биринчи тобуна катышкандарды организмдин иммундук реакциясы үчүн вирустун минималдуу өлчөмүн аныктаган тест күтөт. Ыктыярчылардын экинчи тобу COVID-19 дарылоо үчүн дары-дармектердин натыйжалуулугун текшерүүгө катышат.

Мындай сыноого катыша турган ыктыярчылар кеминде эки апта ооруканада карантинге алынып, жугуштуу оорудан айыкканга чейин күнү-түнү көзөмөлдө болушат. Ошондой эле ар бир ыктыярчыга 4500 фунт (болжол менен 531 миң 419 сом) төлөнөт.

Окумуштуулар мындай ыкма менен коронавирустун таралышына таасир этүүчү факторлорду аныктоону, ошондой эле адамдарды кайрадан жугуштуу оорулардан сактоо үчүн зарыл болгон иммундук реакцияны аныктоону пландаштырууда.

"Вируска каршы оң таасир эткен вакцинаны өндүргөнүбүзгө карабастан биз келечекте узак мөөнөткө колдонула турган эң натыйжалуу вакциналарды табууну каалайбыз. Бул изилдөө окумуштууларга коронавирустун адамдарга кандай таасир этерин тезирээк билүүгө жардам берет жана вакциналардын тез иштелип чыгышына алып келиши мүмкүн", - деген британ өкмөтүнүн кызматкери.

Бул экспериментти жүргүзүү Улуу Британиянын Клиникалык изилдөө этикалык комитети тарабынан жактырылган жана 2021-жылдын март айынын аягына пландаштырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.02.2021. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени дагы алгыла барайын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: