super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнүн куткаруучулары Орусиядан окутуу курстарын өтөт

 

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаровдун Орусияга боло турган иш сапарынын алкагында кесиптеши Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев менен жолугушту.

Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, министрликтердин башчылары өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жана Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билим берүү тармактарында кыргыз куткаруучуларын даярдоо маселелерин талкуулашкан.

"Маалым болгондой, жакынкы аралыкта кыргызстандык куткаруучулар жана суучулдар үчүн окутуу курстары каралат. Ажикеев Орусиянын туруктуу колдоосу үчүн жана Кыргыз өлкөсүнө жиберип турган техникалык-гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Орусиянын ӨКМ башчысы Зиничев кесиптеши Ажикеевди Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Эл аралык жарандык коргонуу уюму аркылуу маселелерди илгерилетүүгө даяр экендигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: